Турак жай кооперативине мүчөлүккө өткөн адам көз жумган учурда анын кошкон каражаты мураскерлерине төлөнүп бериши шарт. Бул тууралуу Орозбек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мыйзам турак жай кооперативдери тигил же бул учурда мүчөлүккө өткөн адамга каражатын кайтарып берүүгө милдеттендирет, бирок ал кандай шартта ишке ашары кооператив менен мүчөнүн ортосунда түзүлгөн келишимден көз каранды.
"Жаран кооперативге мүчө болуп, төлөмдөрүн жүргүзүп турган учурда ортодогу келишимди бир тараптуу буза алат. Тагыраагы, мүчөлүктөн жеке каалоосу менен чыккан кезде деле буга чейин которгон каражаттарын кайтарып ала алат. Бирок анын мөөнөтү, шарты, канча пайыз кайтарылары кооператив менен түзгөн келишимине ылайык жүргүзүлөт. Мындан сырткары, жаран каза болуп калса анын мүчөлүк күбөлүгүнүн негизинде акча мураскерлерине кайтарылып берилет. Ошондой эле кооператив өз милдеттерин аткарбай же кечиктирип жаткан учурда да мүчөлөрү кошкон каражаттарын кайра талап кылууга укуктуу. Мында деле анын мөөнөтү, пайызы ортодогу келишимге ылайык болот. Башкача айтканда, турак жай кооперативдерин мыйзам ар кандай учурларда мүчөлөрүнө акчасын кайтарып берүүгө милдеттендирет. Шартын мамлекет бекитпейт", — деди Сыдыков.
Ал ошондой эле турак жай кооперативинен акчаны кайтарып алууда банк аркылуу жүргүзүлгөн, мүчөлүк китепчесинде көрсөтүлгөн гана каражат тууралуу сөз болорун кошумчалады.