Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Токаев: террордук согуш, мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети болду

ЖККУ жыйынында Казакстандын башчысы болуп өткөн окуялар тарыхта Алматы каргашасы катары каларын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев болуп өткөн окуялар Казакстанга каршы террордук согуш жана мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети экенин билдирди.
Бүгүн ЖККУнун сессиясынын онлайн-отуруму болуп өттү.
Токаевдин айтымында, Казакстанга кол салууну уюштургандар агрессиянын бир нече толкунун болтурду. Биринчи этапта тынчтык митингдери өтүп, анан саясий нааразычылыктар башталып, андан кийин Алматыга куралчан согушкерлер үч тараптан "чөөнүн үйүрүндөй" кол салышты.
Президент алар укук коргоо органдары менен шаардын жашоочуларын адаштырып, өздөрүн тынчтык акциясына чыккандардай көрсөткөнүн билдирди. Токаев бул тарыхта Алматы каргашасы катары каларын белгиледи.
"Окуяларды баалоодо бийликтин позициясы — мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети жана Казакстанга каршы террордук согуш", — деди коңшу өлкөнүн башчысы.
Казакстандын президенти бул жакшы даярдыктан өткөн кесипкөйлөрдүн, анын ичинде снайперлердин чабуулу болгонун кошумчалады.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Терактылардын кайталануу кооптуулугу бар. Казакстан мамкатчысынын билдирүүсү