Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Шымкентте 38 кыргызстандык кармалып, кайра бошотулду

ТИМдин маалыматы боюнча, кармоолор тактоо иш-чараларынын алкагында жүргүзүлүп, андан кийин жарандар бошотулган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Казакстандын Шымкент шаарында 38 кыргызстандык жаран кармалып, кайра бошотулган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
"КРдин 38 жараны Шымкент шаарында кармалгандыгы тууралуу маалымат алынды. Кармоолор тактоо иш-чараларынын алкагында жүргүзүлүп, андан кийин алар бошотулган", — деп жазылган маалыматта.
Болжолдуу маалыматтар боюнча, Казакстандагы башаламандыктарда 8 миңге чукул адам кармалган.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
ТИМ: Алматыдагы башаламандыкта 33 жаштагы кыргызстандык көз жумду
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
УКМК кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов бошотулганын тастыктады