Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

ТИМ: Казакстанда Кыргызстандын дагы 5 жараны кармалып турат

ТИМ зарыл болгон учурда кыргызстандыктар Алматыдагы башкы консулдукка кайрылса болорун белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде Казакстандын компетенттүү органдары Кыргызстандын беш жаранын кармаганы боюнча маалыматы бар. Бул тууралуу КР ТИМи билдирди.
Бул маселе боюнча казак тарап менен тийиштүү иш жүргүзүлүп жатканы айтылды. Беш жаран боюнча маалымат 9-январга карата алынган.
"Министрлик мекенине кайткысы келген кыргызстандыктарга колдоо көрсөтүү боюнча ишин улантып жатат. Элчилик Нур-Султан, Актөбө, Атырау, Актау, Кустанай, Кокчетау, Петропавловск, Павлодар жана Караганда шаарларындагы кыргызстандыктар менен байланышта", — деп айтылат маалыматта.
ТИМ зарыл болгон учурда кыргызстандыктар Алматыдагы башкы консулдукка төмөнкү номерлер боюнча кайрылса болорун эске салды:
+7 (777) 815-00-72, Кайрат Жакыпов;
+7 (777) 037-14-48, Гүлзат Абдурасулова;
+7 (777) 027-55-96, Жаркынай Сансызбаева;
+7 (775) 463-42-95, Медер Сапаралиев.
ТИМдин Консулдук кызмат департаменти:
+996 (551) 31-20-00 — тынымсыз байланыш;
+996 (555) 00-76-26;
+996 (708) 52-21-37;
+996 (707) 98-98-95;
+996 (709) 98-34-65.
Нур-Султан шаарындагы элчилик:
+7 (776) 124-88-33;
+7 (777) 473-30-09.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстанды ар дайым колдойбуз! Жапаров Токаев менен казак элине көңүл айтты