Шейшембиге карата аба ырайы

11-январда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Шейшембиде өлкөнүн кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +1…+6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +3…+8, Ысык-Көл өрөөнүндө +2…+7, Нарын чөлкөмүндө -5…-10 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +4…+6, Ош шаарларында +5…+7 градусту көрсөтөт.
Кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы