Радио

Рысбаев: биз эле эмес дүйнө эли өзөккө кайтып жатат

"Кийиз дүйнө" коомдук фондунун координатору Дөөлөт Рысбаев сайма саюу балдардын майда моторикасынын өнүгүшүнө жардам берерин айтты.
Sputnik
Кыргызстанда саймалар кайрадан жаңыланып сайылып, кол өнөрчүлүк жанданып, дизайнерлер буюмдарына түшүрө баштады. Учурда биз эле эмес дүйнө эли өзөккө кайтып жатат. Бул тууралуу Дөөлөт Рысбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2019-2020-жылы ар кандай темада 13 уз жаңы туш кийиз сайып чыккан.
"Учурда этномода түшүнүгү популярдуу болууда. Бул салттуу кийимдин бир бөлүгүн алып жаңы кийимдерди тигүү. Ошондой эле салттуу билимдер азыркы заманга ылайыктап иштелип чыгып, жайылтылууда. Экономикалык жагын алганда да дүйнө жүзүндө колго жасалган буюмдар абдан бааланып жатат. Андыктан биздин кол өнөрчүлөр продукцияларын өлкө аймагында гана эмес, чет мамлекетке да сатып, бул тармак аркылуу жакшы каражат тапса болот. Азыр борбор калаадагы мектептерде 5-7-класстын окуучуларына кол эмгек ийриминде сайма саюуну үйрөтүп жатам. Бул балдардын майда моторикасынын өнүгүшүнө жардам берет. Менимче, мектептерде мурдагыдай эле кол эмгек сабагында кол өнөрчүлүк үйрөтүлүшү керек. Салттуу билимди жайылтууну балдардан баштаса туура болот", — деди Рысбаев.
Ал "Кийиз дүйнө" фонду ай сайын сайма курстарын өткөрүп турарын белгилеп, каалоочулар фонддун кеңсесине келип бир белдемчиге сайма сайганды үйрөнсө болорун кошумчалады.