Дарыгерлер "омикрон" штаммы эмнеге балдар үчүн кооптуу экенин түшүндүрдү

Медик "омикрон" штаммынын белгилери баарында окшош болорун, көбүнчө тамак оорутуп, чыйрыктырып, алсыратарын кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Балдар чоңдорго салыштырмалуу тез дем алгандыктан, коронавирустун "омикрон" штаммы алар үчүн кооптуу. Бул тууралуу индиялык окумуштуулардын айтымына таянып РИА Новости жазды.
Нью-Делидеги Балажи Экшн медициналык институтунда иштеген дарыгер Анимеш Арьянын айтымында, балдар тез дем алгандыктан, алар абадагы биологиялык агенттерге сезгич келет.
"Балдардын дем алуу органдарынын жолдору чоңдордукуна караганда кичинекей. Коронавирустун жаңы түрү негизинен дем алуу органынын жогору жагын (мурун, тамак) жабыркатат. "Омикрон" штаммы чоңдорго караганда балдарда көбүрөөк көйгөй жаратышы ыктымал. Бирок өлүмгө кептебейт", — деген Арья.
Медик "омикрон" штаммынын белгилери бардык адамдарда окшош эле болорун белгилеген.
"Коронавирустун жаңы түрүн жуктургандардын тамагы ооруп, чыйрыгып, чарчайт. Мындан улам ата-энелер балдарын эки жакка көп чыгарбай, үйдө кармашы шарт. Алардын тамактануусуна да жакшылап көңүл бөлүшү керек", — деди адис.
Индия коронавирус жуктургандар боюнча дүйнөдө экинчи орунда. Пандемия башталгандан бери бул мамлекетте 35,5 миллион адамдан оору аныкталган.
Дарыгер "омикрон" штаммынын көп тараган белгилерин санап берди