Министр: былтыр медиктердин айлыгы 50-100%га жогорулаган, быйыл да көбөйөт

Министр быйыл да ак халатчандардын айлык акысын көбөйтүү аракеттери болуп жатканын айтты. Ошондой эле 2022-жылы медиктерге ипотекалык насыялар берилерин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Былтыр үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлык акысы 100 пайызга, калган кызматкерлердики 50 пайызга көтөрүлгөн. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, быйыл да ак халатчандардын айлык акысын көбөйтүү аракеттери болуп жатат. Ошондой эле 2022-жылы медиктерге ипотекалык насыялар берилип баштайт.
Журналисттер министрден акыркы учурда статистика боюнча коронавирус жуктурган медиктер көбөйгөнүн, алардын коргонуу жаатында маселеси кандай болуп жатканын сураган.
"Медиктер да адам. Жаңы жылда эки жакка чыгып майрамдашты. Андан кийин ооруган кызматкерлердин саны өстү", — деген министр.
Бейшеналиев дарыгерлерге оорудан сактануунун жолдору оозеки түрдө эскертилип келерин, кийин аларга чара көрүлүшү мүмкүндүгүн кошумчалаган.
Бишкекте орточо айлыктын канча экени айтылды