Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Кыргызстандын аскерлери Алматынын кайсы жерин кайтарары белгилүү болду

7-январда Кыргызстандын Жогорку Кеңеши аскерлерди жөнөтүүгө макулдугун берип, жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Казакстанга барган Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн тынчтык орнотуучу аскердик контингенти өз ишине киришти. Бул тууралуу Башкы штаб кабарлады.
Маалыматка караганда, кыргызстандык жоокерлер Алматыдагы маанилүү стратегиялык объект катары эсептелген ТЭЦ-2ни кайтара баштады.
Белгилей кетсек, ЖККУ Коопсуздук кеңеши казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин улуттук коопсуздукка жана өлкө суверенитетине келген коркунучтарга байланыштуу кайрылуусунун негизинде тынчтык орнотуучу жамааттык күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган. Кыргызстандын Жогорку Кеңеши аскерлерди жөнөтүүгө макулдугун берип, жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Ага ылайык, Казакстанга 150 аскер, 8 сооттолгон техника, 11 аскердик автоунаа жөнөтүлдү. Жоокерлер негизинен стратегиялык маанидеги объектилерди кайтарууга жардам бермекчи.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
ТИМ: Алматыдагы башаламандыкта 33 жаштагы кыргызстандык көз жумду
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Жапаров ЖККУ жыйынында ызы-чууга катышты делген кыргызстандыктар тууралуу айтты