Бишкекте эки өлкөнүн ишкер аялдарынын бизнес-форуму өтөт

Форумда жеңил өнөр жай тармагына инвестиция тартуу, экспорт-импорт, тажрыйба алмашуу, ар тараптуу кызматташуу маселелери талкууланат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын ишкер аялдарынын бизнес-форуму уюштурулат. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара 10-14-февраль күндөрү өтүп, ага ишкерлик менен алектенгендер чогулат. Экинчи жолу өтчү форумда жеңил өнөр жай тармагына инвестиция тартуу, экспорт-импорт, тажрыйба алмашуу, ар тараптуу кызматташуу маселелери талкууланат.
Соңунда өнөктөш болуу ниетин билдирген компаниялар ортосунда келишимдерге кол коюлат.
Кыргызстандык ишкерлер ЕЭК төрагасына жүк ташуудагы көйгөйлөрүн айтышты