Быйыл Кыргызстанда эки миң коллекциялык тыйын даярдалат

Эки миң даана монета күмүштөн жасалып, 10 сом номиналында болмокчу.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы быйыл эки миң коллекциялык тыйын чыгарууну көздөп жатат.
Башкы банктын сайтына жарыяланган маалыматка караганда, монеталардын бардыгы 10 сом номиналында болуп, күмүштөн жасалмакчы.
"Кыргызстандын кызыл китеби" сериясынын алкагында Улуттук банк "Кашкар бөрү карагаты" аталышындагы миң даана тыйынды жүгүртүүгө чыгарат. Ал эми "Спорт" сериясы боюнча "Азия оюндары" монеталарынын миң даанасы чыгарылат.
Доллар жаңы жылдан кийин кымбаттайбы? Кыргызстандагы абалга божомол