БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада COVID инфекциясын 198 адам жуктурганын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Ооруга кабылгандар:
Бишкек — 136;
Ош шаары — 13;
Чүй — 10;
Ош — 29;
Талас — 3;
Нарын — 1;
Ысык-Көл — 2;
Жалал-Абад — 4.
Пандемиядан бери баш-аягы 186 065 адамдан вирус чыкты.
Жугуштуу оору бир кишинин өмүрүн алды. Ал Бишкекте катталды, коронавируска каршы вакцина алган эмес. Вирус жуктуруп жалпы 2 819 адам каза тапты.
Ошондой эле акыркы суткада 66 бейтап сакайды. Жалпы 180 347 бейтап айыкты.
Учурда ооруканада 459 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 13 кишинин абалы канааттандырарлык, 271и орточо, 141и оор жана 33ү өтө оор абалда жатат. Амбулатордук дарыланууда 952 бейтап бар.