Радио

Ойтпаев: улуттук төлөм системасынын карталарын калктын 61%ы колдонот

"Элкарт" улуттук төлөм системасы багытынын жетекчиси Айбек Ойтпаев QR-код аркылуу төлөм жүргүзгөн жарандардын саны көбөйө баштаганын айтты.
Sputnik
Кыргызстандагы бардык төлөм карталарынын арасында улуттук төлөм системасынын карталарын калктын 61 пайызы колдонот. Бул тууралуу Айбек Ойтпаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Россиянын "Мир" карталарынан "Элкарт" төлөм карталарына акча которуп, кабыл алуу кызматы киргизилди.
"Элкарт" улуттук төлөм системасы Кыргызстандын алкагында 2 миллиондон ашык картаны тейлейт. Учурда өлкөдөгү 12 коммерциялык банк жана эки уюм кызматташып келет. Кыргызстандагы бардык төлөм карталарынын арасында улуттук төлөм системасынын карталарын калктын 61 пайызы колдонот. Пандемияга карабастан жарандарды тейлөө үзгүлтүксүз жүрдү. Мындан улам QR-код аркылуу төлөм жүргүзгөн жарандардын саны көбөйө баштады. Дүйнөлүк стандартка жооп берген карта системасы аркылуу өлкөдө гана эмес, ЕАЭБ алкагында да иш алып баруудабыз", — деди Ойтпаев.
Ошондой эле адис улуттук төлөм системасынын карталарын Россия, Беларусь жана Арменияда ийгиликтүү колдонсо болорун кошумчалады.