БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Президенттин администрациясы менен мамлекет башчынын иш башкармалыгынын кызматкерлеринен коронавирус аныкталганын өлкө жетекчисинин администрациясы тастыктады.
Буга чейин ЖМКлар администрацияда коронавирус менен ооругандар көп болгондуктан 10-январдан баштап мамлекеттик органдардын борбордук аппаратындагы кызматкерлерден экспресс-тест алына баштаганын жазган. Маалым болгондой, текшерүүнүн жыйынтыгында администрация менен президенттин иш башкармалыгынын тогуз кызматкеринен коронавирус табылды. ЖМКлар алар обочолонууга кеткенин билдирген.
Бүгүн президенттин маалымат кызматы өлкө башчы Садыр Жапаров кыска мөөнөттүү эмгек өргүүгө чыкканын кабарлады.
Белгилей кетсек, жыл жаңырары менен өлкөдө бир суткада 200дөн ашык адамдан коронавирус каттала баштаган. Ага чейин бул сан 50-60тын гана тегерегинде болчу. Саламаттык сактоо министрлиги муну жеке менчик лабораториялардын майрамга карата иштебегендиги менен байланыштырган. Министрлик өлкөдө "омикрон" штаммы каттала электигин айтып, бирок оорунун күчөп кетишине каршы чаралар көрүлө баштаганын билдирген.