Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Казакстанда күч органдарынын эки жетекчисинин сөөгү табылды

Буга чейин Алматы, Кызыл-Ордо, Талдыкоргон, Тараз аймактарында бардык маанилүү объектилер, анын ичинде курал-жарак сакталган жайлар көзөмөлгө алынганы, абал турукташып калганы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Казакстанда күч органдарындагы жогорку кызматтарда иштеген эки жетекчинин сөөктөрү табылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Таразда Жамбыл облусунун Полиция департаментинин жетекчиси каза болду. Сотко чейинки тергөө иштери башталып, анын өлүмүнүн себептери аныкталып жатат.

"Ал эми Нур-Султан шаарында Улуттук коопсуздук комитетинин полковниги Азамат Ибраевдин сөөгү үйүнүн короосунан табылды, эмне болуп көз жумганы азырынча белгисиз", — деп айтылат комитеттин маалыматында.

Буга чейин Алматы, Кызыл-Ордо, Талдыкоргон, Тазар аймактарында бардык маанилүү объектилер, анын ичинде курал-жарак сакталган жайлар көзөмөлгө алынганы, абал турукташып калганы айтылган эле.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
ТИМ: Казакстанда Кыргызстандын дагы 5 жараны кармалып турат