БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Россиядан Казакстан аркылуу баасы 10 миллион сомдон ашык дары-дармекти мыйзамсыз жол менен алып келе жаткан жаран "Чоң-Капка" өткөрүү пунктунан кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлады.
Маалыматка караганда, 5-январь күнү "Чоң-Капка" аркылуу Т.А. аттуу кыргызстандык Volvo автоунаасы менен жалпы суммасы болжол менен 10 миллион сомдон ашык препараттарды мыйзамсыз алып өтүп жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.
"Бул унаа Россиядан келип, республиканын түштүк аймактары көздөй бара жаткан. Товарга тиешелүү документтер болгон эмес", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Учурда контрабандалык жүктүн чыныгы ээсин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.