Асканын ураган бөлүгү сууда жүргөндөрдү басып калган видео. Бразилиядагы окуя

Бразилиянын түштүк-батышында шаркыратманын жанында жүргөн туристтерди суу чыгып жаткан асканын бир бөлүгү урап, басып калган.
Sputnik
Кырсык Минас-Жерайс штатындагы Фурнаш көлүндө ишемби күнү болгон. Окуянын кандай болгону эс алуучулардын камерасына түшүп калган.
ЖМКлар тараткан видеодо бийик аскадан алгач жарака кетип, андан соң бир бөлүгү урап бара жатканын көрүүгө болот. Анда соң жердеги көлдө бейкапар сүзүп жүргөн катерлердин ичинен экөөнү туристтери менен кошо басып калган.
Маалыматтарга таянсак, бул кырсыктан 10 киши каза тапкан.
CNN Brasil телеканалынын билдиргенине караганда, чөгүп кеткен эки катердин ичинде 34 адам болгон. Алардын 23ү жеңил жаракат менен ооруканага жеткирилген.
Бул окуядан эки жума мурда Минас-Жерайс штатында нөшөрлөгөн жамгыр жааганы, асканын урашына жаандын себепкер болгону айтылган.
Тема боюнча:
Кытайдагы жүрөк үшүн алган жер титирөө. Видео
Жүрөк үшүн алган суу куюн. Израилден тартылган видео