Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

ТИМ: Алматыдагы башаламандыкта 33 жаштагы кыргызстандык көз жумду

Коңшу Казакстандын укук коргоо органдары Кыргызстандын жаранынын өлүмү боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Казакстандагы башаламандык учурунда 33 жаштагы кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
"Кыргызстандын 1989-жылы туулган жараны 7-январь күнү Алматы шаарында каза болду. Бул шаардагы Башкы консулдук маркумдун жакындары менен байланышты. Казакстандын укук коргоо органдары анын өлүмү боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө", — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.
Учурда министрлик өлгөндөр арасында башка кыргызстандыктар бар-жогун аныктап жатат.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Жапаров ЖККУ жыйынында ызы-чууга катышты делген кыргызстандыктар тууралуу айтты
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
ТИМ: Казакстанда Кыргызстандын дагы 5 жараны кармалып турат