Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Жапаров ЖККУ жыйынында ызы-чууга катышты делген кыргызстандыктар тууралуу айтты

Жапаров кыргызстандыктар көрсөтүп жаткан ыктыярдуу жардамдарды кубануу менен белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жамааттык коопсуздук келишим уюумуна (ЖККУ) мүчө-өлкөлөрдүн президенттеринин жыйынында сүйлөдү.
Анда ал Алматыдагы башаламандыктарга аралашты делген кыргызстандыктардын маселесин көтөрдү.
"Соңку убактарда ЖМКларда, социалдык тармактарда, чет элдик жарандар, анын ичинде кыргызстандыктар Казакстандагы башаламандыктарга катышканы туурасында маалыматтар тарап жатат. Ушуга байланыштуу ар бир такталган окуя боюнча Казакстандын мыйзамдарына, биздин эки жана көп тараптуу макулдашууларга ылайык, иликтөө ачык жана адилет жүргүзүлөт деп ишенебиз", — деди Жапаров.
Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Түркия, Араб Эмирлиги жана башка өлкөлөрдөн кайтып келе жатып "Манас" эл аралык аэропортуна конууга аргасыз болгон казакстандыктарды тосуп алып, кыргыз-казак чек арасына чейин жеткирүү уюштурулганын айтып өттү.
"Көптөгөн кыргызстандыктар четте карап турбай тынчсыздануу менен ар кандай ыктыярдуу жардамдарды көрсөтүп жатканын кубануу менен белгилей кетүү керек. Мындай оор күндөрү бүтүндөй кыргыз журтчулугу кайгырып турат. Аны менен катар эле кырдаалдын тез арада казак элинин жыргалчылыгы үчүн жөнгө салынышын тилейт", — деп айтылат маалыматта.
Жыйынга Россия, Беларусь, Казакстандын президенттери, Кыргызстан менен Армениянын премьерлери катышууда.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
ТИМ: Казакстанда Кыргызстандын дагы 5 жараны кармалып турат
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Токаев: террордук согуш, мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети болду