Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

ЖККУнун онлайн-саммитин 10-январда өткөрүү пландалууда

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун төрагасы Никол Пашинян болгондуктан отурумду Армения тарап уюштурат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын видеоконференциясы 10-январда өтөт. Бул тууралуу Sputnik Армения Telegram каналы Армениянын премьер-министринин маалымат кызматына шилтеме кылып жазды.
Анда Никол Пашинян телефон аркылуу Владимир Путин менен сүйлөшүп, Армения ЖККУнун төрагасы катары отурумду уюштура турганын айткан.
Буга чейин Касым-Жоомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун онлайн-жыйынын Казакстандагы кырдаал боюнча өткөрүүнү Путинге сунуштаган.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Терроризмге айыптаганы туура эмес. Ташиев Алматыдагы окуя боюнча үн катты
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
ЖККУнун Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн кол башчысы тууралуу эмне белгилүү