Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Юлия Руцкая Алматыда кармалган музыкант Рузахунов тууралуу маалымат берди

Ырчы кармалган кесиптешине даяр текстти жазып берип мажбурлап окуткан деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Кыргызстандан атайын чакыруу менен барып Алматыдагы башаламандыкка аралашкан делген жаран музыкант Викрам Рузахунов экени белгилүү болду.
Анын жакын санаалаштарынын бири Юлия Руцкая музыкант Викрам Рузахунов менен көптөн бери тааныш экенин билдирди.
"Ал биздин эзелтен берки досубуз, музыкант, аны менен көп жылдан бери иштешип келе жатабыз. Тиги видеодо араң сүйлөп жатпайбы, аны сабаганы ачык эле көрүнүп турат", — деди ырчы.
Ошондой эле ал Рузахуновго даяр текстти жазып берип окуткан деп эсептейт. Ал эми "мен жумушсузмун" деп айтканына таң калып жатат. Ушул жеринде сүйлөй турган сөзүн даярдап бергенине дагы бир ирет ынанганын айтты.
"Ал жумушсуз эмес да. Викрам Кыргызстандагы белгилүү, таанымал музыкант", — деди Руцкая.
Ошону менен бирге эле ал учурда музыканттар кыргыз бийлигине кайрылуу жолдоого даярданып жатканын билдирди.
Белгилей кетсек, Казакстандын Qazaqstan мамлекеттик телеканалы бүгүн, 9-январда, митингдерге катышуу үчүн Кыргызстандан барды делген жарандын сурак берип жаткан видеосун жарыялады.
Ал берген көрсөтмөсүндө белгисиз адамдар митингдерге катышуу үчүн 90 миң теңге сунуштап чакырып, самолетко билетин алып берип, батирге жайгаштырганын билдирген.
Ал арада Кыргызстандын социалдык тармактарында бул видео нааразычылыктарды жаратууда. Тагыраак айтканда, интернет-колдонуучулар ал белгилүү музыкант экенин жана 200 доллар үчүн митингге чыгууга барбай турганын айтып жатышат.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Бир нанды 100 долларга алууга зарыгып... Учурда Казакстанда кырдаал кандай
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагалыгын Токаевге өзү өткөрүп бергени айтылды