Кыргыз депутатынын төш белгиси 4 миң долларга сатылууда

Ал Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин 12-чакырылышынын депутатына таандык экени белгиленген. Бул чакырылыш "легендарлуу" деген атка ээ.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Ebay сайтына кыргыз депутатынын төш белгиси сатыкка коюлду, анын баштапкы баасы 3 950 доллар (335 миң сомдой) деп турат.
Төш белгиде "Кыргыз ССР эл депутаты" деп жазылган.
Ал Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин 12-чакырылышынын депутатына таандык экени белгиленген.
Эске сала кетсек, бул чакырылыш эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу түзүлүп, "легендарлуу" деген атка ээ болгон.
Кыргызстанда 1937-жылдан 1991-жылга чейин Жогорку Совет иш алып барган. Өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин Жогорку Кеңеш деп аталып калган.
10 сомдук купюра аукциондо 200 эсе кымбат сатылууда