Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

ИИМ: Алматыга куралданган 20 миң адам кирип келип башаламандык уюштурган

Казакстандын ИИМи кылмышкерлер бийлик органдарына көө жабуу үчүн полициянын кийимин кийип алып ар кандай кылмыштарга барганын билдирүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Жакшы куралданган жана уюшулган 20 миң адам Алматыга кирип келип башаламандык уюштурган. Бул туурасында Sputnik Казакстан ички иштер министринин милдетин аткаруучу Ерлан Тургумбаевге таянуу менен жазды.
Анын айтымында, башаламандык маалында 1 300 полиция кызматкери, Улуттук гвардиянын, Коргонуу министрлигинин жана башка атайын органдардын аскерлери жаракат алган.

"5-январь күнү 20 миңдей адамдан турган уюшулган топ Алматынын ар кайсы тарабынан бир убакта шаардын борбордук аянтына кирип келип, акимчиликтин имаратын басып алууга аракет кылган. Ошол эле учурда аябай жакшы куралданган жана уюшулган болчу. Алар көп болгонуна байланыштуу кайтарууда турган аскерлерди жиреп өтүп, имаратка киришкен. Кокусунан адам өлүмү болуп кетишине жол бербөө үчүн полиция чегинүүгө аргасыз болгон", — деди министрдин милдетин аткаруучу.

Ошондой эле ал бир канча мүлк талкаланып, тонолуп, имараттар өрттөлгөн, полиция кызматкерлери менен аскердик училищенин курсанттарын сабап, шылдыңдап, атайын каражаттарын жана кийген формаларын тартып алышканын айтты.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстан ИИМи Алматыдан Бишкекке кеткен жолдогу кагылышууну тастыктаган жок
"Куралданган кылмышкерлер шаарда туш келди ок чыгарып полиция кызматкерлерин, аскерлерди жана жөнөкөй жарандарды өлтүрүшкөн. Соода борборлорун, финансылык мекемелерди талкалап, банкоматтарды ачышкан. Бийлик органдарынын кадыр-баркын түшүрүү үчүн кылмышкерлер полициянын жана аскерлердин формасын кийип жосунсуз иштерди жасашкан", — деди Тургумбаев.
ИИМдин маалыматы боюнча, жалпысынан 400 автоунаа талкаланып жок кылынган, анын ичинен 346сы полицияга таандык. Мародерлор 100дөн ашуун ири соода объектилерин жана банктарды талап-тоногон. Алдын ала эсептелген чыгым учурда 200 миллион долларга бааланууда.
Министр азыркы тапта контртеррористтик операциялар уланып жатканын жана өлкөнүн бардык аймактарында кырдаал турукташканын билдирүүдө.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстандын чек арасынан өтүүгө аракет кылган 300гө жакын адам кармалды