COVID: 190 адам ооруну жуктуруп, эки киши көз жумду. Акыркы статистика

Өткөн суткада эки бейтап көз жумду. Ал эми 2020-жылдын жаз айынан бери 2 818 киши COVID-19дун курмандыгы болду.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 190 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтына жарыяланды.
Пандемия башталгандан бери республикада 185 867 киши COVID-19 жуктурган.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов коронавирус жуктургандардын санынын көбөйүшүн менчик лабораториялар жаңы жылдын алгачкы күндөрү жабык болгону менен түшүндүрдү. Ошол себептен текшерилбеген анализдер көп болуп кеткен. Мисалы, 3-январда илдет 52 адамдан табылса, кийин бир сутка ичинде жуктургандардын саны 150дөн түшкөн жок.
Өткөн суткада эки бейтап көз жумду. Ал эми 2020-жылдын жаз айынан бери 2 818 киши COVID-19дун курмандыгы болду.
60 бейтап илдетти жеңди. 2020-жылдын март айынан бери, расмий маалыматтар боюнча, 180 281 жаран ооруп айыкты.
Дарыгер "омикрон" штаммынын көп тараган белгилерин санап берди