Радио

Талантбеков: эпосто түндүк, түштүк, чыгыш, батышты түшүндүргөн сөздөр бар

"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.
Sputnik
Шымал — түндүк, жанып — түштүк, машырык — чыгыш, магырып — батыш дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, шымал — сол жак, жанып — оң жак дегендин синоними катары да колдонулат.
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков
"Кыргыздын сөз байлыгы кең. Оң, сол, алды жак, арт жак дегенге синоним сөздөр "Манас" эпосунда кездешет. Аларды багыт катары дагы колдонгонун аңдап билсек болот. Маселен, шымал — сол жак, жанып — оң жак тарап деген түшүнүктөрдүн синоними катары да колдонулат. Ошол эле учурда шымал — түндүк, жанып — түштүк, машырык — чыгыш, магырып — батыш дегенди түшүндүрөт. Мисалы, эпосто Кытай жана башка Чыгышта жайгашкан улуттарды машырыктагы элдер деп сүрөттөгөн учурлар бар", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал көөнө сөздөр тилдин бай экендигин далилдээрин кошумчалады.