"Омикрон" менен "дельтанын" гибриди табылды

Окумуштуулардын пикиринде, ал генетикалык жактан "дельта" штаммын эске салса, ошол эле маалда мутация жагынан "омикрон" штаммына окшош.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Кипрде коронавирустун "дельта" жана "омикрон" штаммдарынын гибриди табылды. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.
Кипр университетинин Биотехнология жана молекулярдык вирусология лабораториясынын жетекчиси Леонтиос Кострикистин айтымында, жаңы штамм "дельтакрон" аталышына ээ болду. Ал генетикалык жактан "дельта" штаммын эске салса, ошол эле маалда мутация жагынан "омикронго" окшош.
"Биз буга чейин "омикрон" штаммы менен ооругандарда гана табылып келген мутациялардын көптөгөн түрлөрүн аныктап чыктык. "Омикрондо" 30 мутация болсо, Кипрде алынган пробалардын 10у окшош болуп чыкты", — деди Кострикис.
Ошондой эле ал "дельтакрон" штаммы Кипрде алынган дагы 25 үлгүдөн табылганын кошумчалады.
Дарыгер "омикрон" штаммынын көп тараган белгилерин санап берди
COVID: 190 адам ооруну жуктуруп, эки киши көз жумду. Акыркы статистика