Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Казакстандан 500гө жакын россиялык эвакуацияланды. Видео

Буга чейин Россиянын ТИМи Казакстандан учуп кетүү өтүнүчү менен 1 600 жаран кайрылгандыгын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн учактары Казакстанга эс алганы же туугандарыныкына келген россиялыктарды Алматыдан Москвага жеткиришти. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Коргоо министрлигинин маалымат кызматына шилтеме берип жазды.
Буга чейин Алматыдан абага үч аскердик-транспорттук учак көтөрүлгөндүгү айтылган. Учурда алардын экөөсү Москвага конду. Алардын ар биринде 100дөн жүргүнчү бар.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий маалыматы боюнча, 500гө жакын адам эвакуацияланды.
Буга чейин ТИМдин расмий өкүлү Мария Захарова мекемеге Казакстандан учуп кетүү өтүнүчү менен 1 600 жаран кайрылгандыгын билдирген. 9-январда Россияга он каттам пландалган.
РИА Новости агенттигинин кабарчысына тынчтык орнотуучу аскерлер Ил-76 учагы менен жүз адам кетип жатканын айткан.
RT телекомпаниясынын корреспонденти Мурад Гадзиев Алматыдан эвакуация болгон россиялыктар менен сүйлөшкөн.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Закир Юбуровдун агасы видеодо сурак берген киши иниси эмес экенин айтты
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Бир нанды 100 долларга алууга зарыгып... Учурда Казакстанда кырдаал кандай