Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагалыгын Токаевге өзү өткөрүп бергени айтылды

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев январь айынын башында өлкөдө жаралган кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңешинин төрагасы болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагалыгын Касым-Жоомарт Токаевге өткөрүү чечимин өзү кабыл алганын маалымат катчысы Айдос Укибай билдирди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Айдос Укибайдын айтымында, Назарбаев менен Токаев өз элин, жерин коргоп, улуттун келечеги үчүн бирге болуп келишкен.

"Башаламандык жана террор коркунучу бийлик жетекчилигинен катуу жана аеосуз жоопту ыкчам кайтарууну талап кылды. Елбасы менен Токаев өз элин, жерин коргоп, улуттун келечеги үчүн дайым бирге болуп келген", — деди Укибай.

Касым-Жоомарт Токаев январь айынын башында өлкөдө жаралган кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңешинин төрагасы болгон. Ага чейин бул кызматта Нурсултан Назарбаев турган.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Алматыдагы аэропорт белгисиз мөөнөткө жабылды
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстан ИИМи Алматыдан Бишкекке кеткен жолдогу кагылышууну тастыктаган жок