Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Казакстан ИИМи Алматыдан Бишкекке кеткен жолдогу кагылышууну тастыктаган жок

Буга чейин ЖМКлар жергиликтүү жашоочуларга таянуу менен каршылашуу бир нече сааттан бери уланып жатканын билдиришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Казакстандын Ички иштер министрлиги Алматы шаарынан чыгып Бишкекти көздөй кеткен трассанын боюнда каршылашуу болуп жатканын тастыктаган жок. Бул тууралуу Sputnik Казакстан кабарлады.
Буга чейин агенттик жергиликтүү жашоочуларга таянуу менен Алматыга жакын Райымбек айылынын четинде катуу каршылашуу болуп жатканын айткан.
Эскерте кетсек, Казакстанда 2-январда газдын кымбатташына каршы башталган митинг массалык башаламандыкка айланып, натыйжада өлкө аймагы боюнча өзгөчө абал жарыяланган. Президент Касым-Жомарт Токаев элге эки ирет кайрылуу жасап, мындай кадамга баргандарды "сырттан даярданып келип өлкөгө кол салган террордук топ" деп атады. Мындан улам ЖККУга жардам сурап кайрылган.
Ал эми 10-январь Казакстанда улуттук Аза күтүү күнү деп жарыяланды. РИА Новостинин БУУнун маалыматына таянып жазганы боюнча, митингдерде миңдей киши жаракат алып, күч түзүмүнүн 18 кызматкери көз жумган.
Кечээ Кыргызстандан Казакстанга 150 аскер, сооттолгон 8 техника, аскердик 11 автоунаа жөнөтүлгөн. Жоокерлер негизинен стратегиялык маанидеги объектилерди кайтарууга жардам бермекчи. Учурда Казакстандын аймагында ЖККУнун атынан Россия, Беларусь, Армения, Тажикстан жана Кыргызстандын тынчтык орнотуучу күчтөрү иштеп жатат.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Алматыдагы аэропорт белгисиз мөөнөткө жабылды
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Нурсултан Назарбаевдин учурда кайда экенин маалымат катчысы айтты