Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Казакстандын чек арасынан өтүүгө аракет кылган 300гө жакын адам кармалды

Алар жөө жана автоунаа менен өлкө аймагынан чыгып кетүүгө аракет жасашкан. Колго түшкөндөрдөн ок атуучу курал, уурдалган уюлдук телефондор, ири суммадагы акча каражаты болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Казакстандан чыгып кетүүгө аракет кылган 300гө жакын адам кармалды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттигинин Telegram каналы өлкөнүн ички иштер министрине шилтеме кылып жазды.
Министр Ерлан Тургумбаевдин айтымында, алар жөө жана автоунаа менен өлкө аймагынан чыгып кетүүгө аракет жасашкан.

"Кармалгандардан ок атуучу курал, уурдалган уюлдук телефондор, ири суммадагы казак жана чет элдик валюталар табылды", — деди Тургумбаев.

Эскерте кетсек, Казакстанда 2-январда газдын кымбатташына каршы башталган митинг массалык башаламандыкка айланып, натыйжада өлкө аймагы боюнча өзгөчө абал жарыяланган. Президент Касым-Жомарт Токаев элге эки ирет кайрылуу жасап, мындай кадамга баргандарды "сырттан даярданып келип өлкөгө кол салган террордук топ" деп атады. Мындан улам ЖККУга жардам сурап кайрылган.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Нурсултан Назарбаевдин учурда кайда экенин маалымат катчысы айтты
Ал эми 10-январь Казакстанда улуттук Аза күтүү күнү деп жарыяланды. РИА Новостинин БУУнун маалыматына таянып жазганы боюнча, митингдерде миңдей киши жаракат алып, күч түзүмүнүн 18 кызматкери көз жумган.
Буга чейин Кыргызстандан Казакстанга 150 аскер, сооттолгон 8 техника, аскердик 11 автоунаа жөнөтүлгөн. Жоокерлер негизинен стратегиялык маанидеги объектилерди кайтарууга жардам бермекчи. Учурда Казакстандын аймагында ЖККУнун атынан Россия, Беларусь, Армения, Тажикстан жана Кыргызстандын тынчтык орнотуучу күчтөрү иштеп жатат.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Алматыдагы аэропорт белгисиз мөөнөткө жабылды
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстан ИИМи Алматыдан Бишкекке кеткен жолдогу кагылышууну тастыктаган жок