Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Терроризмге айыптаганы туура эмес. Ташиев Алматыдагы окуя боюнча үн катты

Атайын кызматтын жетекчиси ар бир кыргызстандыктын укугун коргой турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандан бир дагы террорист өтпөгөнүн билдирди.
Учурда Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына бир нече адам музыкант Викрам Рузахуновдун Алматыда кармалганы боюнча нааразычылык акциясын өткөрүүдө. Алар чогулган жерге УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев барган.
"Казакстандын мамлекеттик телеканалдарынын Кыргызстандын жарандарын көрсөтүшү биздин намысыбызга тийип жатат. Коңшу өлкөгө бизден эч кандай террорист өткөн эмес. Мен жооптуу түрдө айта алам, Викрам террорист эмес. Анан биздин жарандарды террорист катары көрсөткөнү туура эмес. Казакстандын атайын кызматы иликтөөнүн риторикасын өзгөртпөсө болбойт", — деди Ташиев.
Ошондой эле ал ар бир кыргызстандыктын укугун коргой турганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Казакстандын Qazaqstan мамлекеттик телеканалы бүгүн, 9-январда, митингдерге катышуу үчүн Кыргызстандан барды делген жарандын сурак берип жаткан видеосун жарыялады. Ал берген көрсөтмөсүндө белгисиз адамдар митингдерге катышуу үчүн 90 миң теңге сунуштап чакырып, самолетко билетин алып берип, батирге жайгаштырганын билдирген.
Ал эми Кыргызстандын ИИМи билдирүү таратып, аталган жаран музыкант Викрам Рузахунов экенин жана Алматыга концерттик программа өткөргөнү барганын маалымдады.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Юлия Руцкая Алматыда кармалган музыкант Рузахунов тууралуу маалымат берди
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Бир нанды 100 долларга алууга зарыгып... Учурда Казакстанда кырдаал кандай