Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Казакcтанда кармалган кыргызстандык боюнча ИИМ текшерүү ишин баштады

Ички иштер министрлиги Викрам Рузахунов 2021-жылдын 16-декабрында Алматыга концерт койгону билет сатып алып, 2-январда учуп кеткенин туугандарына таянып билдирүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Алматыдагы башаламандыкка аралашкан деп Казакстанда кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов боюнча Кыргызстандын Ички иштер министрлиги тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери КР жаранынын кармалышынын толук чоо-жайын тактоодо.
"Рузахуновдун жакындарынын айтымында, музыкант Алматыга гастролдоп көп барып турган. Жаңы жылдын алдында ал концерттик программасын өткөрүү үчүн шаарга чакыртылып, билетти 2021-жылдын 16-декабрында сатып алган. 2-январда саат 20:00дө Алматыга учуп кеткен. Аны аэропортко апасы Кундузхан Рузахунова, тууганы Асхат Сериков коштоп барып узаткан", — деп жазылат маалыматта.
ИИМ ошондой эле музыканттын Казакстанда тууган-туушканы жок экендигин жана ал коңшу мамлекетке концерт койгону гана барып жүргөнүн кошумчалады.
Белгилей кетсек, Казакстандын Qazaqstan мамлекеттик телеканалы бүгүн, 9-январда, митингдерге катышуу үчүн Кыргызстандан барды делген жарандын сурак берип жаткан видеосун жарыялады.
Ал берген көрсөтмөсүндө белгисиз адамдар митингдерге катышуу үчүн 90 миң теңге сунуштап чакырып, самолетко билетин алып берип, батирге жайгаштырганын билдирген.
Ал арада Кыргызстандын социалдык тармактарында бул видео нааразычылыктарды жаратууда. Тагыраак айтканда, интернет-колдонуучулар анын белгилүү музыкант экенин жана 200 доллар үчүн митингге барбай турганын айтып жатышат.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Юлия Руцкая Алматыда кармалган музыкант Рузахунов тууралуу маалымат берди
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Бир нанды 100 долларга алууга зарыгып... Учурда Казакстанда кырдаал кандай