Казакстандын Qazaqstan мамлекеттик телеканалы митингдерге катышуу үчүн Кыргызстандан барды делген жарандын сурак берип жаткан видеосун жарыялады.
Аталган жаран Алматыдан кармалган. Ал берген көрсөтмөсүндө белгисиз адамдар митингдерге катышуу үчүн 90 миң теңге сунуштап чакырып, самолетко билетин алып берип, батирге жайгаштырганын билдирген. Бирок ал башаламандыктарга аралашпаганын айтууда.
Шектүү аны менен кошо батирде Өзбекстан жана Тажикстандан барган адамдар дагы болгонун белгилеген.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тарап жаткан видеонун чын-төгүнүн аныктоо үчүн Казакстандын компетенттүү органдары менен иш алып барып жатканын билдирди.
"Кыргызстандын жараны делген адамдын кармалышы боюнча бардык жагдайларды тактоо иш-чаралары жүргүзүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Аны менен катар министрлик Казакстанда жүргөн мекендештерди бардык мыйзам, эрежелерди сактоого, чагымчылдыкка алдырбоого, жаңжалдарга аралашпоого жана эл көп чогулган жерден оолак болууга чакырды.
Тема боюнча: