Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Тынчтык орнотуучу аскерлер Казакстанга келип түштү. Видео

Россиянын Аскер космостук күчтөрүнүн учактары ЖККУнун Россия, Беларусь, Армения, Тажикстан жана Кыргызстандын тынчтык орнотуучу күчтөрүн Казакстанга алып кирди.
Sputnik
Коңшу республикага келген коалициялык күчтөрдүн саны болжол менен үч миңге чукул болору айтылды.
ЖККУдан тынчтык орнотуучу аскерлердин саны көбөйө тургандыгын билдирген. Алардын Казакстандагы стратегиялык объектилерди кайтарары айтылган.
Бул туурасында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да казакстандыктарга кайрылуу учурунда билдирген.
Кыргызстандан Казакстанга 150 аскер, сооттолгон бир нече техника, аскердик 11 автоунаа жөнөтүлдү.
Тема боюнча:
Кыргызстандын аскерлери Казакстанга жөнөп жаткан видео