Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Путин Токаев менен сүйлөштү. Казак президенти ЖККУ жыйынын өткөрүүнү сунуштады

Касым-Жомарт Токаев Владимир Путинге Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун линиясы боюнча көрсөтүлгөн жардамга ыраазычылыгын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Токаевге Путинге Казакстандагы кырдаал турукташып келе жатканын айткан.
Сүйлөшүү узакка созулуп, президенттер Казакстанда тартип орнотуу чаралары тууралуу пикир алмашкан.
Коңшу өлкөнүн башчысы Путинге Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун линиясы боюнча көрсөтүлгөн жардамга ыраазычылыгын билдирип, жакынкы күндөрү ЖККУнун онлайн жыйынын өткөрүүнү сунуштаган. Маалыматта Путин демилгени колдой турганы айтылган.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Токаев 10-январды улуттук Аза күтүү күнү деп жарыялады