Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Токаев коопсуздук кеңешинин жетекчисинин орун басарын иштен алды

Касым-Жомарт Токаев үч күн мурда Нурсултан Назарбаевдин ордуна Коопсуздук кеңештин башчысы болду. Ага чейин биринчи президент бул кызматты өмүр бою башкаруу укугуна ээ болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Азамат Абдымомуновду иштен алды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Абдымомунов аталган кызматта 2014-жылдан бери иштеп келе жаткан. Мурда президенттин администрациясында анализдөө жана стратегиялык чечимдерди иштеп чыгуу бөлүмүн жетектеген. Билим берүү жана илим боюнча вице-министр болгон.
Касым-Жомарт Токаев үч күн мурда, тагыраагы, 2022-жылдын 5-январында Казакстанда митинг апогейине жетип, башаламандык күчөгөндөн тарта Коопсуздук кеңештин башчысы болду. Ага чейин бул орунду өмүр бою башкаруу укугу менен Нурсултан Назарбаев ээлеп турган.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Жоо чаап кеткендей... Алматыда тартылган видео