БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Казакстанда кармалгандардын арасында кыргызстандыктардын бар-жогун дипломаттар тактап жатат. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
ЖМКлардын жазганына караганда, Казакстандын полиция органдарына 4 266 киши алып келинген. Алматы облусунун айылдарынын биринде 100дөн ашуун адам кармалган. Болжолдуу маалыматтар боюнча, алардын арасында "коңшу өлкөнүн жарандары" да бар экени айтылган.
"Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги жана Алматыдагы башкы консулдугу атайын операция учурунда кармалгандардын арасында кыргызстандыктар болушу мүмкүн деген маалыматты тактоо боюнча чараларды көрүүдө", — деп жазылган билдирүүдө.
Эскерте кетсек, Казакстанда 2-январда газдын кымбатташына каршы башталган митинг массалык башаламандыкка айланып, натыйжада өлкө аймагы боюнча өзгөчө абал жарыяланды. Президент Касым-Жомарт Токаев элге эки ирет кайрылуу жасап, мындай кадамга баргандарды "сырттан даярданып келип өлкөгө кол салган террордук топ" деп атады. Мындан улам ЖККУга жардам сурап кайрылган.
Кечээ Кыргызстандан Казакстанга 150 аскер, сооттолгон 8 техника, аскердик 11 автоунаа жөнөтүлгөн. Жоокерлер негизинен стратегиялык маанидеги объектилерди кайтарууга жардам бермекчи.
Учурда Казакстандын аймагында ЖККУнун атынан Россия, Беларусь, Армения, Тажикстан жана Кыргызстандын тынчтык орнотуучу күчтөрү иштеп жатат.