БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда 193 кишиден коронавирус аныкталып, 55 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жаңы жуктургандар:
Бишкек – 134;
Ош шаары – 9;
Чүй облусу – 11;
Ош облусу – 4;
Талас облусу – 6;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 4;
Жалал-Абад облусу – 17;
Баткен облусу – 7.
Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 185 677ге жетип, анын ичинен 180 221и дартты жеңди. Тилекке каршы, бир сутка ичинде эки бейтап коронавирустун курмандыгы болгон. Жалпысынан оору 2 816 адамдын өмүрүн алды. Азыркы тапта стационарда 370, ал эми амбулатордук шартта 782 адам дарыланып жатканы айтылды.