Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Алматыдан Бишкекке кеткен жолдун боюнда кагылышуу болуп жатканы кабарланды

Жергиликтүү жашоочулар каршылашуу бир нече сааттан бери уланып жаткандыгын билдиришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Алматы шаарынан чыгып Бишкекти көздөй кеткен трассанын боюнда каршылашуу болуп жатканын Sputnik Казакстан кабарлады.
Бул тууралуу маалымат агенттиктин телеграм-каналына жарыяланды.
"Алматыга жакын Райымбек айылынын четинде катуу каршылашуу болуп жатат", — деп жазылган кабарда.
Агенттик маалыматты жергиликтүү жашоочулардан алганын билдирген.
Анткен менен Казакстандын Ички иштер министрлиги Алматыдан Бишкекке кеткен жолдогу кагылышууну тастыктаган жок.
Эскерте кетсек, Казакстанда 2-январда газдын кымбатташына каршы башталган митинг массалык башаламандыкка айланып, натыйжада өлкө аймагы боюнча өзгөчө абал жарыяланган. Президент Касым-Жомарт Токаев элге эки ирет кайрылуу жасап, мындай кадамга баргандарды "сырттан даярданып келип өлкөгө кол салган террордук топ" деп атады. Мындан улам ЖККУга жардам сурап кайрылган.
Ал эми 10-январь Казакстанда улуттук Аза күтүү күнү деп жарыяланды. РИА Новостинин БУУнун маалыматына таянып жазганы боюнча, митингдерде миңдей киши жаракат алып, күч түзүмүнүн 18 кызматкери көз жумган.
Кечээ Кыргызстандан Казакстанга 150 аскер, сооттолгон 8 техника, аскердик 11 автоунаа жөнөтүлгөн. Жоокерлер негизинен стратегиялык маанидеги объектилерди кайтарууга жардам бермекчи. Учурда Казакстандын аймагында ЖККУнун атынан Россия, Беларусь, Армения, Тажикстан жана Кыргызстандын тынчтык орнотуучу күчтөрү иштеп жатат.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Жоо чаап кеткендей... Алматыда тартылган видео
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Алматыда митинг күндөрү 11 жашар баланын окко учканы кабарланды