БШК кайра шайлоого катышчу талапкерлерге үгүт иштерин жүргүзүү тартибин үйрөтөт

Бишкектин Свердлов жана Биринчи май округдарында кайра шайлоого катышчу талапкерлер окуудан өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. 11-январда Борбордук шайлоо комиссиясы 27-февралда өтчү парламенттик кайра шайлоого катышчу талапкерлерге тренинг өткөрөт. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, Бишкектин Свердлов жана Биринчи май округдарында кайра шайлоо өтөт. Ноябрда бул эки аймакта "баарына каршы" графасы көп добуш алып, элдин тандоосун кайра уюштуруу белгиленген. Акыркы маалыматтар боюнча, депутаттыкка 19 талапкер аттанды.
БШКнын маалымат кызматы белгилегендей, талапкерлер төмөнкү маселелер боюнча маалымат ала алышат:
Талапкерлерди каттоо жана документтерди көрсөтүүнүн тартиби;
Талапкерлердин шайлоо фондун түзүү жана шайлоо кампаниясын каржылоо эрежесинин тартиби;
Шайлоого чейин үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;
Шайлоо арызданууларын кароо тартиби.
Кыргызстанда 2022-жылы кайсы шайлоолор өтөт