Бишкекке быйыл 15 мектеп куруу пландалууда

Бишкек мэриясынын жумушчу кеңешмесине катышкан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров милдеттер өз мөөнөтүндө аткарылыш керектигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын мэриясында кеңешме өткөрүп, андан мектеп, жол маселеси талкууланганын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев
Кеңешменин жүрүшүндө Бишкек мэри Айбек Жунушалиев үстүбүздөгү жылы республикалык бюджеттин эсебинен 15 мектепти, анын ичинде иштеп жаткан мектептерге кошумча окуу корпустарын куруу сунушталып жатканын айткан.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров
"Бул милдет өз мөөнөтүндө аткарылышы керек. Балдар заманбап, эртеңки күндүн талабына жооп берген мектептерде окушу тийиш. Бул окуу жайларда сапаттуу билим алып, өлкө келечегин түзгөн муун калыптанышы керек. Мектептик билим берүүнүн деңгээлин жана сапатын жогорулатуу маанилүү", — деген Акылбек Жапаров.
Ошондой эле эки унаа жолдун жана сквердин курулушу боюнча долбоорлор сунушталган. Жыйындын жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилген.
Радио
Сыдыков: жаңы стадиондун бир орундугунун баасы 1,5 миң доллар болот