Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Жоо чаап кеткендей... Алматыда тартылган видео

Sputnik агенттигинин кабарчысы Алматынын чок ортосуна барып, шаардын көчөлөрүндөгү көрүнүштү чагылдырган.
Sputnik
Видеодон өрттөнгөн автобус, автоунааларды, талкаланган, күйгөн имараттарды көрүүгө болот. Акимчиликтин (мэриянын) бет маңдайы капкара болуп калган. Казак бийлиги акырындык менен бардыгын калыбына келтире баштады. Бирок кырдаал турукташты деп айтуу али эрте. Кээде Алматынын айрым райондорунан атылган мылтыктын үндөрү угулууда. Казакстандын күч түзүмдөрү куралчан адамдардан шаарды тазалап жатканы айтылды.
Тема боюнча:
Алматыда митинг күндөрү 11 жашар баланын окко учканы кабарланды