Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Алматыда митинг күндөрү 11 жашар баланын окко учканы кабарланды

Ал эми оор жаракат алган дагы бир башка өспүрүмдүн өмүрү үчүн дарыгерлер күрөшүп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Алматы шаарында октон 11 жаштагы бала каза таап, 15 жаштагы өспүрүм жарадар болду. Бул тууралуу РИА Новости Казакстандагы балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Аружан Саинге таянып билдирди.
Маалыматта 11 жаштагы тестиерге 5-январда ок жаңылгандыгы айтылган.
Андан сырткары дагы бир өспүрүм ок жеген.
"7-январда 15 жаштагы өспүрүм атасы менен кетип бара жаткан автоунааны согушкерлер аткылап, катуу жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Баланын абалы оор. Атасы да жарадар болгон", — деп айтылган маалыматта.
Эскерте кетсек, Казакстанда 2-январда газдын кымбатташына каршы башталган митинг массалык башаламандыкка айланып, натыйжада өлкө аймагы боюнча өзгөчө абал жарыяланган. Президент Касым-Жомарт Токаев элге эки ирет кайрылуу жасап, мындай кадамга баргандарды "сырттан даярданып келип өлкөгө кол салган террордук топ" деп атады. Мындан улам ЖККУга жардам сурап кайрылган.
Ал эми 10-январь Казакстанда улуттук Аза күтүү күнү деп жарыяланды. РИА Новостинин БУУнун маалыматына таянып жазганы боюнча, митингдерде миңдей киши жаракат алып, күч түзүмүнүн 18 кызматкери көз жумган.
Кечээ Кыргызстандан Казакстанга 150 аскер, сооттолгон 8 техника, аскердик 11 автоунаа жөнөтүлгөн. Жоокерлер негизинен стратегиялык маанидеги объектилерди кайтарууга жардам бермекчи. Учурда Казакстандын аймагында ЖККУнун атынан Россия, Беларусь, Армения, Тажикстан жана Кыргызстандын тынчтык орнотуучу күчтөрү иштеп жатат.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Кыргызстандын Акыйкатчы аппаратынын башчысы казакстандык кесиптеши менен сүйлөштү