Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Кыргызстандын Акыйкатчы аппаратынын башчысы казакстандык кесиптеши менен сүйлөштү

Коңшу өлкөнүн Акыйкатчысы кыргызстандыктардын укуктары бузулса мыйзам чегинде көңүл буруп, жардам көрсөтөрүн убадалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков Казакстандын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эльвира Азимова менен телефон аркылуу байланышты. Бул тууралуу Омбудсмен институтунун маалымат кызматы кабарлады.
Алгач Азарбеков коңшу өлкөдө массалык башаламандыкта каза болгондордун жакындарына Кыргызстандын Акыйкатчы аппаратынын атынан терең кайгыруу менен көңүл айтууну өтүнгөн.
Ошондой эле Кыргызстандын Омбудсмен институтунун жардамы керек болсо жана аны чечүү ыйгарым укуктарга туура келсе, көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген.
"Казакстандын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эльвира Азимова Акыйкатчы институтунун өкүлүнө колдоо сөздөрү үчүн ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, Адам укуктары боюнча кеңсе кадимки тартипте иштеп жатат. Казакстанда кыргызстандыктардын укуктары бузулса аталган кеңсе алардын ыйгарым укуктарынын чегинде көңүл буруп, жардам көрсөтөрүн айтты", — деп жазылган маалыматта.
Ал ошондой эле республикадагы абал турукташып жатканын кошумчалаган.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
ТИМ: Казакстанда кармалгандардын арасында кыргызстандыктардын бар-жогу такталууда