Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Жогорку Кеңеш Казакстанга аскерлерди жиберүүгө макулдугун берди

Казакстандын жетекчилиги өлкөдөгү башаламандыктан улам ЖККУнун алкагында кошумча аскер күчтөрүн жиберүүнү суранган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. КР парламенти Казакстанга аскер жиберүүгө макулдугун берди.
Парламент депутаттарынын 69у макул, жети эл өкүлү “каршы” добуш беришти. Коңшу өлкөгө 150 аскер, сегиз сооттолгон, 11 аскердик техника барат. ЖККУ аскерлери стратегиялык объектилерди кайтарышат.
Эскерте кетсек, Казакстанда 2-январда газдын кымбатташына каршы башталган митинг массалык башаламандыкка айланып, натыйжада өлкө аймагы боюнча өзгөчө абал жарыяланды. Президент Касым-Жомарт Токаев элге эки ирет кайрылуу жасап, мындай кадамга баргандарды "сырттан даярданып келип өлкөгө кол салган террордук топ" деп атады. Мындан улам ЖККУга жардам сурап кайрылган.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Алматы шаарында учурда абал кандай