БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Зась менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Казакстандагы абалды жөнгө салууга багытталган ЖККУнун алкагында көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.
Буга чейин Кыргызстандын Жогорку Кеңеши ЖККУ келишиминин алкагында коңшу өлкөгө 150 аскер жана техника жөнөтүү чечимин колдоп берген.