Вакцинаны алгандан кийин сертификатын кантип онлайн көчүрүп алса болот

Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 1,2 миллиондон ашты.
Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб кыргызстандыктарга жана чет элдиктерге өлкө аймагында вакцина алгандан кийин сертификатын кантип алуу керектигин айтып берди.
Сертификатты үйдөн чыкпай отуруп эле бул шилтеме аркылуу кирип көчүрүп алса болот.
Андан кийин "Кыргызстан жарандары үчүн сертификат" же "чет элдик жарандар үчүн сертификат" графасын тандоо керек.
Анын артынан өзүнүн жеке идентификациялык номерин жана паспорттун реквизиттерин (серия жана номер) жазышы шарт. Аны тастыктоо үчүн "мен робот эмесмин" чарчысын басып, издөө функциясына өтүү зарыл.
Натыйжада жаран тууралуу маалыматтык база пайда болот: аты-жөнү, кандай вакцина алганы, компоненттин номери (биринчи жана экинчи доза) жана эмделген күнү.
Соңунда "маалым катты көчүрүү" функциясы аркылуу телефонго сактап алса болот. Ал документ кагазга басып чыгарууга да ылайыкталган.
6-январга карата Кыргызстанда 1 238 912 жаран коронавируска каршы вакцинанын биринчи, 1 027 533 адам экинчи дозасы менен эмделди.
300 миң рублге чейин. Москвага кайтып ПЦР-тест тапшырбагандар айып тарта баштады