Телефон номерин билген шылуундар дагы кандай маалымат ала алат. Сактануунун жолу

Туура эмес жүрүм-турумдан улам адам өзүн эле эмес, жакындарын да кооптуулукка кептеши мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Телефон номерин билген шылуундар смартфондун ээси тууралуу кошумча маалымат ала алышат. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине "Инфосистемы Джет" компаниясынын мониторинг борборунун аналитиги Игорь Фиц айтып берди.
Эгер номердин ээси ыкчам төлөм системасын кодлонсо, алдамчылар анын аты-жөнүн, банктагы эсебинин номерин билип алышы толук ыктымал. Telegram жана WhatsApp тиркемелери аркылуу колдонуучунун ким экенин билип, атургай кебетесин, өңү-түсүн көрө алат.
"Телефондун номерин ар кыл тиркемелерде, документтерге кол коюуда көрсөтүү талап кылынат. Бирок бардык эле уюмдарда жеке маалыматтарды коргоо көп жолго коюлган эмес. Кээде алар даркнетке, андан шылуундардын колуна түшөт. Мунун аркасы менен алар адамдын банк эсеби, паспорттогу маалыматтары, жашаган жери, мүлкү тууралуу баарын билип алышат", — деди Фиц.
Адис элдин баарына жеткиликтүү болгон тиркемелерде жеке маалыматтарды ачыктабоого кеңеш берди. Болбосо адам мындай аракети менен өзүн эле эмес, айланасындагыларды да кооптуулукка кептеши толук мүмкүн.
Банктык картадагы акчаны шылуундардан кантип коргосо болот? Жол-жобосу