Бишкекте Рождество майрамын кандай тосушту. Православ чиркөөсүнөн 10 сүрөт

7-январда православ христиандары Рождество майрамын белгилеп келет. Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкектеги чиркөөдөн тартылган ирмемдерди сунуштайт.
Sputnik
Майрамдык сыйынуу адаттагыдай эле 7-январга караган түнү өткөн. Ыйык китепте адамдар Кудайдын ырайымын белек катары алуу үчүн Ыйсанын жаралгандыгы жазылат.
Рождествонун алдында 40 күндүк орозо кармалып, андан кийин майрам башталат, ал Крещение менен аяктайт.
1 / 10

Майрамдык сыйынуу адаттагыдай эле 7-январга караган түнү өткөн. Ыйык жазууга ылайык, Иисус Христос анча чоң эмес еврей шаары Вифлеемде төрөлгөн

2 / 10

Рождество христиан дининде Пасхадан кийинки эле чоң майрам болуп саналат

3 / 10

Православ христиандары византиялык календарь боюнча Рождествону 7-январда белгилейт

4 / 10

Сыйынуу учурунда адамдар Ыйсанын бейнесине таазим кылышат

5 / 10

Рождество майрамы адамдын Кудай менен элдешүүсүнүн символу болуп саналат

6 / 10

Рождество — бул үй-бүлөлүк майрам, аны жакындар менен белгилөө салтка айланган

7 / 10

Рождестводон кийин христиандардын дагы бир маанилүү майрамы башталып, ал ыйык сууга чөмүлүү менен аяктайт

8 / 10

Бишкектеги ыйык улуу князь Владимир чиркөөсүндөгү рождестволук жөрөлгө

9 / 10

Рождествонун алдында 40 күндүк орозо кармалат

10 / 10

Ыйык китепте адамдар Кудайдын ырайымын белек катары алуу үчүн Ыйсанын жаралгандыгы жазылат