Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

РФтин тынчтык орнотуучу күчтөрү Алматы аэропортун көзөмөлгө алды. Видео

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн россиялык бөлүгү Казакстанга келди.
Sputnik
Казакстанга келген десантчылар дароо ишине киришти. Алар биринчи кезекте тынчтык орнотуучу күчтөрдүн учактары коно турган Алматы аэропортун толук көзөмөлгө алууга Казакстандын коопсуздук күчтөрүнө жардам беришет.
ЖККУнун аскерин Казакстанга жеткирүүгө Россиянын Аэрокосмостук күчтөрүнө таандык 80ден ашык аскердик-транспорттук Ил-76 жана Ан-124 учактары катышууда.